«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы 7-Апрель көчөсүндө  Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө  чейинки бөлүгүндө торшерлерди  сырдап жатат.

Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери  болжол менен 200дөй торшерди жаңыртты.  

Бул багыттагы иштер улантылат.

Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын коноктору, сиздерден муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну,  көчөлөрдүн жарык берүүчү мамыларына жарнамаларды чаптабоону   жана шаардык чарба  кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз!