Борбор калаада курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда.

Бүгүнкү күндө 10 менчик ээлери тосмолорду иретке келтиришти:

- Айни көчөсү, 25 дарегиндеги көп кабаттуу үй;
- Айни көчөсү, 82, 84 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай;
- Сүйүмбаев көчөсү, 59 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай;
- Чүй-Сүйүмбаев проспектисиндеги административдик имарат;
- Киев -Калык Акиев көчөлөрүндөгү  административдик имарат;
- Курчатов көчөсү, 18, 20,  Воркутинская көчөсү, 20 дарегиндеги көп кабаттуу үй;
- «Алим Строй» көп кабаттуу турак-жай;
- Термечикова көчөсү, 15 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай;
- Курчатов көчөсү, 46 дарегиндеги  көп кабаттуу үй;
- Репина көчөсү, 15 дарегиндеги  көп кабаттуу үй.

Эскерте кетсек, буга чейин курулган объектилердеги  убактылуу тосмолорду ирээтке келтирүү зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр таратылган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.