Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күн сайын күрөшүп келет, ал эми шаар тургундары таштанды аянтчалар болгонуна карабай,  таштандыларды көчөгө ыргытып жатышат.

2023-жылдын 21-август күнү эртең менен саат 06:00дөн баштап Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы жана таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо фактысы боюнча шаардык муниципалдык инспекция тарабынан пландуу рейд жүргүзүлүп,  179 миң 500 сомго  13 протокол түзүлдү.

Алардын ичинен:

-  Осмонкул көчөсү, 50 дарегинин жашоочусу  115-берененин 1-бөлүгү боюнча 5500 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт;
-   Айтматов көчөсү, 41дарегинин жашоочусу  115-берененин 1-бөлүгү боюнча 5500 сом өлчөмүндө;
- Целинная көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан «Аманат Строй» ЖЧКсына 177-берененин 2-бөлүгү боюнча  23 000 сом айып пул салынды;
- Фрунзе көчөсү, 300 дарегинде жайгашкан "Бакча куту" ТЭШ   110-берене боюнча 13000 сом айпы пул төлөйт;
- Лев Толстой көчөсү, 33 а дарегиндеги  Жусупбек у.И. жеке ишкери  114-берене боюнча 13 000 сом  айып пул төлөйт;
-   «Дзен Соул Лук»  АК 114-берене боюнча 13 000 сом;
- Лев Толстой, 31 дарегиндеги  жеке ишкер Алимов Е.А.  114-берене боюнча 13 000 сом;
-  Оберон көчөсү, 10 дарегинин тургуну  115-берененин 2-бөлүгү боюнча 7500 сом өлчөмүндө;
- «Борсан Констракшн» ЖЧКсы 177-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 000 сом өлчөмүндө;
-  Садырбаев көчөсү, 11 дарегинин тургуну 114-берене боюнча 3000 сом өлчөмүндө;
-   Гоголь көчөсү, 114 дарегиндеги турак жай ээлеринин шериктештиги  114-берене боюнча 13000 сом өлчөмүндө;
- «Кей Си Ай Групп» ЖЧКсы 177-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 000 сом өлчөмүндө;
- «Таш-Темир» ААКсы 177-берененин 2-бөлүгү менен 23 000 сом айып пул төлөйт.

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча бардык тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү!

Урматтуу шаар тургундары! Шаарыбыздын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону, ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу 0 (312) 62-06-18 телефону аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз.