Өткөн ишембиде Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын мэри Милицияын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Болот Мурсалиев, борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери менен биргеликте муниципалдык транспорттун инфраструктурасынын даярдыгы менен таанышты. Маанилүү пункттардын бири – жаңылоону талап кылган жаңы аялдама комплекстерди куруу жана кеңейтүү.
Эске салсак, жаңы жылга чейин Бишкекке газ менен жүргөн 500 жаңы жүргүнчү автобустарды алып келүү пландалууда. Борбор калаанын транспорт маселесин чечүү үчүн жалпысынан 1000ден ашык заманбап, экологиялык таза автобустар келет.
Эмилбек Абдыкадыров "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын автопаркындагы жаңы автобустар үчүн даярдык иштери, ошондой эле автопарктын курулушу жана жаңы автотранспорттор үчүн газ толтуруучу станциянын курулушу менен таанышты.
Белгилей кетсек, курулуш аянтчасын ушул жылдын ноябрь айына бүтүрүү пландалууда.