Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-жаңы окуу жылына даярдыктар улантылууда.

Октябрь районунун акиминин орун басары Чынара Жаныкеева, райондук билим берүү башкармалыгынын директору Жаңыл Сыдыгалиева, ӨКМдин куткаруучулары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери №71, 63, 73, 100, 88, 56, 39 мектептеринин жана № 182, 181, 142, 7 жана 3 балдар бакчаларынын оңдоо иштеринин сапатын текшерүүдө.

Белгилей кетсек, райондо 39 бала бакча, 21 мектеп бар.

Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринде усталар жылытуу түтүктөрүн, чатырларды, терезелерди алмаштыруу,  чечинүүчү жайларды, санитардык түйүндөрдү оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүү Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын «Билим берүү уюмдарын 2023-2024-окуу жылынын башталышына даярдоо жөнүндө» буйругун аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.