Бишкек шаарында ирригациялык тармактарын орнотуу иштери уланууда.

«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Ленин районуна Айни көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Псковская (түндүк,түштүк тарабы) көчөсүнө чейин 2840 погон метр ирригациалык лотокторду орнотуу пландалууда.

Азыркы учурда  болжол менен Айни көчөсүндө Ч. Айтматов проспектисинен Жунусалиев көчөсүнө чейин - 300 погон  метр Б-3-2 үлгүсүндөгү лотоктор орнотулду. Бул лотоктор  секундасына 40—50 литрге чейин суу өткөрүүгө жөндөмдүү.

Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.