«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаар боюнча тротуарларды курууну улантууда.
Ишкананын кызматкерлери Ибраимов көчөсүнүн батыш тарабынан Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү эски асфальтты алуу иштерин баштады. Учурда жерди тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, чыгыш тарабында Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки эски асфальттарды кыруу иштери башталды. Бордюрларды орнотуу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бак даракты сугаруу үчүн дагы бир ирригациялык системаны орнотуу пландалууда.
Буга чейин аталган жерде эски тротуар жана сынган лотоктор, айрым жерлерде кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолор жана бетон тосмолор болгон.