Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Тоголок Молдо көчөсүн бойлой тротуардын капиталдык курулушу башталды.

Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, курулуш иштери Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тараптан пландалууда.

Жибек-Жолу проспектисинен «Спартак» стадионуна чейин иш башталды. Учурда бригада тротуарларга бордюрларды орнотууда.