2023-жылдын 20-августунан тарта муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөм толугу менен алынып салынды.

Ошентип, бир күндө бардык категориялар боюнча 53 000 жол кире  накталай эмес жол менен төлөндү.

Алардын арасында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү бар:

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- виртуалдык NFC картасы;
- Тулпар жана  Balance, Mbank, Megapay жана башка тиркемелер аркылуу  QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Белгилей кетсек, 11 сом стандарттык тариф менен (жеңилдик алгандарды эсептебегенде) троллейбуста 17 миң 644 жана автобуста  19 миң 881 жол кире төлөндү.

Муниципалдык транспорттун, автобустардын жана троллейбустардын айдоочулары накталай акча менен төлөөнү талап кылууга укугу жок. Жол кире акысын накталай акча менен кабыл алуу — белгиленген талаптарды бузуу болуп саналат!  Айдоочуларга транспорт карталарын сатуу  гана жүктөлгөн. Накталай төлөм кабыл алган фактылары болсо, видео жана фото фактыларды whatsapp номерине жөнөтүңүз: 0703 936319, 0706 166665.