Борбор калаанын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуунун алкагында жеринде жыйын өткөрүлдү.

Биринчи май акимчилигинин жетекчилиги муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте Фучик көчөсүндөгү “Аска-Таш” кире бериш комплексинен Клубный тар көчөсүнө чейин узундугу 900 метрге жакын тротуарды жакшыртуу иштери талкууланды.

Аймакты көрктөндүрүү иштеринин ичинде ирригация тармагы камтылган тротуар куруу, бордюрларды алмаштыруу, көчөгө жаңы светодиоддук лампаларды орнотуу, жаңы коомдук транспорт аялдамаларын орнотуу жана жашылдандыруу иштери каралган.

Белгилей кетсек, айрым аймактарда көрктөндүрүү иштер башталган.