Райондук акимиаттарда муниципалдык объектилердин ижарачыларынын дебитордук карыздарын азайтуу боюнча жумушчу кеңешмелер өтүп жатат.
Ага Биринчи май райондук администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин өкүлдөрү, МАБнын башчылары катышты.
Жолугушуу учурунда Бишкек казынасына буга чейин 1 млн 320 миң сом түшкөнү, ошондой эле жакын арада ири ижарачыдан 7 млн. 066 миң 417 сом карызы жоюлары маалымдалган.
Угулган маалыматтарга ылайык, Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине дебитордук карызды азайтуу боюнча көмөк көрсөтүүнү күчөтүү, төлөбөгөндөр боюнча мониторинг жүргүзүү жана тизмени Комиссияга берүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, мындай натыйжалар акимиаттын жана МАБнын кызматкерлеринин биргелешкен ишинин аркасында мүмкүн болду.
Бул багытта иштер улантылууда.