Спорттук оюндар боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары биринчи жолу бадминтон боюнча эл аралык турнирге катышып, командалык эсепте жана жуптар арасында үчүнчү орунга ээ болушту.
Сыйлык алгандар:
Айсарова Жасмин - 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
Мээримбекова Айназик - 2 коло медаль (командалык жана айымдар арасында жуп менен);
Данияров Актан - 2 коло медаль (командалык жана эркектер арасында жуп менен);
Турумбеков Мансур - 2 коло медаль (командалык жана эркектер арасында жуп менен);
Рысбеков Данил-коло;
Садыков Абдумалик-коло;
Махаматжанова Мадина-коло;
Турарова Таалайгүл-коло;
Спортчулардын машыктыруучулары-Ниязбек Татарбек жана Майрамбек уулу Улан.
Белгилей кетсек, бадминтон боюнча Борбор Азия чемпионаты 31-июлдан 5-августка чейин өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана Түркмөнстандан 15 жана 17 жашка чейинки мыкты бадминтончулар катышты.
Чемпионатты Бадминтон Азия (Малайзия) уюштурууда, бул чемпионат рейтингдик категорияга кирет, бул өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги рейтингине таасирин тийгизет.
Мелдештер мырзалардын арасында, айымдардын арасында жалгыздан жана жуптук негизде өттү.