Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо  боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күн сайын күрөш жүргүзүлүп, айып пул түрүндөгү жаза чаралары көрүлүүдө.

Мындай чаралардын максаты мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү жана жаңы укук бузуулардын жасалышын алдын алуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2 күн ичинде жарандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 162 миң 500 сом өлчөмүндө  айып пул салынган.

Эрежелерди бузгандардын тизмеси:
- «Роял Констракшн» ЖЧКсына 115-берененин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаруу үчүн 23 000 сом өлчөмүндө;
- «Гефест Билдинг» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 000 сом өлчөмүндө;
- "Сосед" турак жай ээлеринин шериктештиги көп батирлүү турак жайлардын   санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча  13 000 сом өлчөмүндө;
- "Страна Чудес" ТЖЭШ көп батирлүү турак жайларын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча  13 000 сом өлчөмүндө;
- чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Би-Джей Би» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 000 сом өлчөмүндө;
- Жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Учур» мектепке чейинки билим берүү мекемесине   13000 сом өлчөмүндө;
- «Бишкек петролеум» АК жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 000 сом өлчөмүндө;
- Баратова Р. 114-беренеси жана 115-беренесинин 2-бөлүмү боюнча курулуш таштандыларын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 2 протокол түзүлүп,   10500 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт;
- Эсеналиев А.О. 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7500 сом өлчөмүндө;
- Жунушов Д., 115-беренесинин 2-бөлүгү менен курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7500 сом өлчөмүндө;
- Сыргабаев И.114-берене боюнча чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө;
- Чоюнов У.М. 114-ерене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө;
- М.Сайдахматовдон 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча өндүрүш калдыктарын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 7500 сом өлчөмүндө;
- Асанов Г.Т. 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча уруксаат кагаздары жок казуу үчүн 5500 сом өлчөмүндө;
- Сатишова И.А. (тигүү цехи) таштанды чыгаруучу мекеме менен келишим түзбөгөндүгү үчүн 114-берене боюнча 3000 сом өлчөмүндө;
- Осмонали уулу И. 177-берененин 1-бөлүгү менен жол курулушуна келтирилген зыян үчүн 5500 сом өлчөмүндө;
- Акматалиев К.К. 114-статья боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө;
- Ш.Болода  115-берененин 1-бөлүгү менен катуу тиричилик калдыктарын аныкталбаган жайларга чыгаргандыгы үчүн 5500 сом өлчөмүндө айып пул төлөт;

Урматтуу шаар тургундары! Инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда мыйзам бузуучулар күнөөсүн мойнуна алган-мойнуна албаганына карабастан жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.