Ленин администрациясында кирешелер боюнча Штабдын отуруму болуп өттү.
Жыйын райондун акими Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы алдында, Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жана ири салык төлөөчүлөр (УККН), КР Финансы министрлигинин Ленин райондук бөлүмүнүн жана райондогу МАБдардын башчыларынын катышуусунда өттү.
Жыйында жергиликтүү салыктардын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын райондук көрсөткүчтөрү каралды.
Берилген маалыматтарга ылайык, план 1502,7 млн сомду түзсө, жыл башынан бери киреше бөлүгүнө 1503,4 млн сомдук салыктык төлөмдөр жана жыйымдар түшкөн, белгиленген план 100%га аткарылган же 700 миң сомго ашыкча түшкөн.
Отурумдун жыйынтыгы менен салык кызматтарына, райондук МАБдарга жана администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн салыктын бардык түрлөрү боюнча 2023-жылдын 2-жарым жылдыгына карата аткарууда тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.