Октябрь акимчилигинде райондун акими, Бишкек шаарынын транспорт жана жол - транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору, мектеп директорлору жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда муниципалдык транспортто накталай эмес төлөмдөргө өтүү боюнча жыйын өттү.

Баарына маалым болгондой, жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн коомдук транспорттор электрондук төлөмгө өтүүдө. 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жүрүү үчүн накталай акча кабыл алынбайт.

Жыйынтыгында мектеп окуучулары үчүн карталарды каттоо процессин тездетүү, каттоодо бир нече күн күтүү функциясын алып салуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, акимчиликтин, МАБнын, социалдык коргоо жана билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери борбор калаанын транспортундагы жарандар менен Тулпар картасынын иштеши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Жол кирени кандай жолдор менен төлөй аласыз:

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- виртуалдык NFC картасы;
- "Тулпар" тиркемесинде QR-сканерлөө жана Баланс, Mbank, Megapay жана башкалар;
- "Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Стандарттык «Тулпар» транспорт картасын райондук тейлөө борборлорунан (райондук акимчиликтер) сатып алса болот.