Ак-Өргө конушунун Ашар көчөсүндө жайгашкан тез жардам станциясынын имаратынын курулушу аяктады.

Бүгүнкү күндө унаа токтотуучу жайларды, унаа жуучу жайларды, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу үчүн аймакты көрктөндүрүү иштери башталды.

Медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа, ошондой эле ординаторлор жайгашкан.

Курулуш долбоорунда ошондой эле унаа токтотуучу жай, унаа жуучу жай, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын  Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тез жардам станциясын курууга тендер жарыяланган.