Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы   27-линия көчөсү, 28б дарегиндеги тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн  курулушун аныктап,  курулуш иштерин токтотту.  

Курулуш токтотулду жана  курулушка уруксат берүү документтерин көрсөтүү талабы менен «Алим Капитал» ЖЧКсынын өкүлүнө эскертүү берилди.

Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү менен айып салынат.