Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен бирге жер мунапысына туш келген объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Свердлов райондук комиссиясында 47 материал каралып, 18 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, анын ичинен 29 материал «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн  жиберилген.

Биринчи май райондук комиссиясында 36 материал каралып, анын ичинен 7 арыз боюнча оң чечим кабыл алынып, 11 арыз тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөөгө жиберилген, 17 материал «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн  жиберилген.

Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч 57,(Жеке турак жай курулушу  жана шаар куруу департаментинде)кабыл алынат.  Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде иш алып барат.