Свердлов акимиатынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратузумду өнүктүрүү департаменти тарабынан жолдордо чоң тыгындарды азайтуу жана унаалардын агымын азайтуу үчүн Чүй проспектиси менен Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду кеңейтүү долбоору иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин жана Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабындагы асфальтын алуу боюнча жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүүгө даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Бул иштердин алкагында аялдамалар комплекси жылдырылып, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке кошулат. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн жол белгилерин кайрадан куруу пландаштырылууда.

Бул чаралар кесилиштин өтүүсүн жакшыртат, тыгындарды азайтат жана аймактагы бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.