Бишкектиктер стимгранттар аркылуу районун жакшырта алышат.
Биринчи май району боюнча комиссиянын мүчөлөрү 11 арызды карап, 6 арызды канааттандырып, анын ичинен 3 чатырды алмаштыруу жана бир фасадын сырдоо, аянтты оңдоо, канализацияларды төшөөгө 4 млн 869 миң 023 сомду түздү.
Свердлов району боюнча 11 арыз каралып, баардык долбоорлор жактырылып, анын ичинен 7 чатырын алмаштыруу, 2 жолду асфальттоо жана 1 ысык суу түтүктөрүн алмаштыруу, лифттерди утурумдук оңдоо иштери. Буга каражат 4 млн 316 миң 261 сомду түздү.
Ленин району боюнча 21 долбоордук арыз каралып, 7 долбоор жактырылган, анын ичинен 3 көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу, 1 көп кабаттуу үйдүн электр зымдарын алмаштыруу, 1 коридорлорду оңдоо жана көп кабаттуу үйдүн тепкичтери, 2 райондун калктуу конуштарын өнүктүрүү үчүн, 1 ирригациялык системасы менен тротуар куруу, 1 канализация тармагын куруу.
Бөлүнгөн гранттын жалпы суммасы 5 миллион сомду жана жергиликтүү жамааттарды биргелешип каржылоонун суммасы 2 миллион 161 миң сомду түздү.
Акимиаттар бул долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, гранттар шаар аймагын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Программанын максаты - коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана борбордун турмушунун коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн өнүктүрүү.
Урматтуу шаардыктар! Грант боюнча кеңештерди райондук акимчиликтерден ала аласыз:
- Ленин району боюнча, Чүй проспектиси №315 дареги боюнча, тел: 0 312 65-68-78;
- Октябрь району боюнча, Байтик Баатыр көчөсү №17, тел: 0312 57 69 91, 57-66-11;
- Биринчи май району боюнча, Жибек-Жолу проспектиси №348, тел: 0312 325484;
- Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28, тел: 0312 36-07-07, 0312 36-01-93.