Жаңы окуу жылына даярдыктын алкагында Свердлов районунун билим берүү уюмдарынын оңдоо иштерин текшерүү улантылууда.
Свердлов районунун башчысынын орун басары Асель Садыкова №4, 21, 35, 32, 87, 94 мектептердин жылытуу системасын, чатырын капиталдык оңдоо, электр зымдарын алмаштыруу, санитардык түйүндөрдү оңдоо боюнча жүрүп жаткан иштерди текшерип чыкты.
Учурда №23-мектеп жана №187 бала бакчанын от казандары жаратылыш газына өтүүгө даяр. Курулуш иштери, от жагуучу жабдууларды орнотуу иштери аяктап, жаратылыш газына кошулуу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, №32, 35 мектептин имараты жана №12 бала бакчанын "сэндвич-панель"ыкмасы менен газ казаны үчүн темир каркасты орнотуу боюнча иштерди аяктоодо.
Бүгүнкү күндө бардык мекемелер окуучуларды кабыл алууга даяр, Свердлов районунун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелериндеги капиталдык оңдоо иштери аяктоодо.