Свердлов районунун башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов "Ак-Эмир" базарынын жанындагы   соодагерлер жана аталган базардын өкүлү менен жеке маектешти.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн башкы максаты калктын ден-соолугунун, коопсуздугун камсыз кылуу, райондун экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо. Негизги басым такталбаган жерлерде мыйзамсыз сооданын алдын алууга багытталган.

Кубанычбек Айтакунов сооданы жөнгө салуучу эрежелерди жана ченемдерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле соода түйүндөрүн уюштуруунун альтернативдүү варианттарын айтып, анын бири "Ак-Эмир"базарынын ичине соода орундарын жайгаштыруу сунуштады.

Экономика жана каржы бөлүмүнө, муниципалдык аймактык башкармалыкка нөөмөткө чыгып, башаламан соодага жол бербөөнү тапшырды.