Жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында №18 мектепте жумушчу жыйын болуп өттү.

Биринчи май районунун администрациясынын жетекчилиги, шаардык кызматтардын жана подряддык уюмдун  өкүлдөрү №18 билим берүү уюмунун (Карагайский, 31) кошумча имаратынын курулушун аяктоо маселесин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө кызматтарга курулуш таштандыларын чыгаруу, жашыл аянтчаларды санитардык бутоо, мектептин айланасындагы жолду асфальттоо мүмкүнчүлүгүн карап, откананы азыктандырган трансформатордун күчүн жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кошумча имараттын курулушу бүткөрүлүп, учурда мектепке чейинки даярдык кызуу жүрүп, класстарды жууп, окуучулардын парталарын, стеллаждарын, столдорун, отургучтарын жана класстык тактайчаларын жууп орнотулду.

Эки кабаттуу имарат 225 орунга эсептелген 910 чарчы метр аянтты ээлейт. Каражат коррупцияга каршы күрөшүү депозиттик эсептен бөлүнгөн, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын  сынагына ылайык  подрядчы болуп "Дастан Групп" компаниясы саналат.