Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков муниципалдык администрациянын жана "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын адистери менен биргеликте Суюмбаев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин (батыш тарабы) курулуп жаткан ирригациялык тармактарды кыдырып, курулуш учурундагы көйгөйлөр менен таанышты.

Жөө кыдыруунун жүрүшүндө райондун башчысы "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасына Суюмбаев көчөсү Мичурин көчөсүнөн ЧЧКга чейин жаан-чачындуу аба ырайында турак үйлөрдү каптай турган сууну буруу үчүн жабык дренаждык тармакты куруунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоону тапшырды.