Өнөр-жай ишканаларын жумалык кыдыруунун алкагында Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКта болду.
Завод Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келет жана ата мекендик базарда алкоголсуз суусундуктарды чыгарган ири компаниялардын бири болуп саналат.
Ишкананы өнүктүрүү жана кеңейтүү, кубаттуулуктарды арттыруу, кошумча жумуш орундарын түзүү боюнча маселелер талкууланды. Заводдун жетекчилиги ишканага экскурсия жасатып, ишканада өндүрүлгөн өндүрүш менен тааныштырды.
«Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК экология, социалдык ишкердүүлүк жаатындагы коомдук долбоорлорду активдүү колдойт, район башчысы мындай долбоорлорду ишке ашырууда өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тараптар мындан аркы өнөктөштүк жөнүндө макулдашышты жана иш-аракеттердин конкреттүү кадамдарын белгилешти.