Ленин райондук акимиатында райондун башчысы Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы астында Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн, Чүй проспекти жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ташуучуларды тартипке келтирүү боюнча жыйыны болуп өттү.
Ленин районунун аймагында шаарлар аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну мыйзамсыз уюштурууга бөгөт коюу, калк үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана транспорт системасынын туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле борборго келген туристтерге ынгайлуулук түзүү болуп саналат.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине караштуу Бишкек шаардык унаа токтотуучу жайларынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБ өкүлдөрү катышышты.
Чогулуштун жүрүшүндө Батыш автобекетинин аймагына ыңгайлуу шарттар түзүү менен унаа токтотуу үчүн минималдуу акы төлөнүүчү пункттарды көчүрүү боюнча иш-чаралар планы талкууланды.
Ошондой эле район башчысы жогорудагы кызматтар менен биргеликте Батыш автобекетинин аймагын кыдырып чыкты.
Белгилей кетсек, Батыш автобекетинин аймагында шаар аралык таксисттер үчүн альтернативдүү орундар бар.