Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, административдик кызмат үчүн департаменттин ички кадрдык резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт. Төмөнкү топтор боюнча муниципалдык кызмат орундарына:

- улук топтун административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө (С-А, С-Б) - (бөлүмдөрдүн башчылары, башкы адистер);
- кенже тайпадагы (М-А, М-Б) - (жетектөөчү адистер, адистер) административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө.

Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

1) 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
2) соттолбогондугу тууралуу  маалымкат;
3) кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга туура келүү;
4) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер мындан ары сынакка катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.

Документтер 2023-жылдын 17-августунан 30-августу  саат 18.00гө чейин Бишкек ш., Чокморов көчөсү, 246 дарегиндеги департаменттин №22 кабинетинде  кабыл алынат. Сурап-билүү үчүн телефон: 0312 97 91 95 (4230).

Толук  маалыматты бул жерден тапса болот:https://bishkek.gov.kg/ru/vacancy/81