Урматтуу шаардыктар!
Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин салык төлөө керектигин эскертет:
- транспорт каражатына салык;
- турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбайт);
- үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторуна салык.
Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассасында, почта бөлүмүндө, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөөгө болот.
Төлөмдү жүргүзөөрдө тиешелүү реквизиттерди киргизүү зарыл. Транспорт салыгы мүлктү каттоо аймагын же шаарды, ээсинин ИННин, мамлекеттик транспорт номерин жана салыктын суммасын камтышы керек. Турак жайга же короо жай участогуна салык үчүн мүлктүн жайгашкан районун, шаарын же айылдык аймагын, ээсинин ИННин жана салыктын суммасын көрсөтүү зарыл.
Calculator.salyk.kg сайтында салыктын суммасын өзүңүз эсептей аласыз.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактар үчүн 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 5000 сом айып каралган.
Толугураак маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.