Транспорттук карталардын 3 категориясы бар.

Стандарттык көк карта. Бардыгы сатып ала алат. Картанын баасы 50 сом, баланста бир жол жүрүү каралган. Электрондук билетти бир айга 680 сомго туташтырууга мүмкүндүк берет. Картаны уюлдук операторлордун кеңселеринен, почта бөлүмдөрүнөн, “Тулпар” тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус, автобус айдоочуларынан сатып алууга болот.

Мектеп жашыл картасы. Борбор калаадагы  мектеп окуучуларына жеткиликтүү. Мектеп картасын алуу үчүн www.tulpar-card.kg сайтыбызга арыз калтырууңуз керек. Электрондук билетти бир айга 240 сомго туташтырууга болот.

Кызыл түстөгү жеңилдетилген карта. Ал Бишкек шаарында каттоодо турган пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, ошондой эле «Кыргызпочтасынын» нөөмөттөгү почтальондоруна бекер берилет. Кызыл карта муниципалдык коомдук транспортто бекер жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, "Тулпар" мобилдик тиркемеси 50 миңден ашык жолу жүктөлгөн. Кызматты колдонуу менен колдонуучулар NFC жана QR сканерлөө аркылуу жол кире акысын төлөй алышат,   ошондой эле транспортту онлайн көзөмөлдөй алышат. Тиркемени "Play Market" жана "AppStore" дүкөндөрүнөн жүктөп алууга болот.