Жаңы автобустарды борбор калаанын вице-мэринин убактылуу милдетин аткаруучусу Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору тосуп алды.

500 бирдиктин биринчи партиясы үстүбүздөгү жылдын ичинде этап - этабы менен, кийинкиси 2024-жылы келээри   күтүлүүдө.

Жалпысынан Кыргызстанга борбор калаанын транспорт маселелерин чечүүгө багытталган заманбап, экологиялык таза 1000ден ашуун автобус келет.

Эске салсак, 20-майда президент Садыр Жапаров КЭРге мамлекеттик сапарынын алкагында автобустарды чыгаруучу Zhongtong bus holding Co., Lt. заводуна барган.

Буга чейин аталган ишканадан Бишкекке газ менен жүрүүчү 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар биздин жолдордо ийгиликтүү сыноодон өтүштү, буга байланыштуу аталган маркадагы дагы 1 000 автобусту бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу чечими кабыл алынды.