Борбордук муниципалитетте Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча кеңешме болуп өттү.
Жарандар укуктук маалымат, арыздарды, даттанууларды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү, квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жардам көрсөтүү жана жардамдын башка формалары түрүндө сапаттуу консультациялык-укуктук жардам ала алышат. Ошондой эле адам сатуунун курмандыктары юридикалык жардамдын бардык түрлөрүн алууга укуктуу.
Кеңешмеге Бишкек шаарынын мэриясынын, Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, санариптик өнүктүрүү министрлигинин, эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышышты.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында методологиялык жана маалыматтык иштер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Бул чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылындын 4-майындагы "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жөнүндө" №241-токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаары боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн жарандар төмөндө көрсөтүлгөн даректер боюнча кайрыла алышат:
"Сезим" кризистик борбору. Дареги: Минина көчөсү, 17 (Табышалиев,3).
Телефон номери: 0312 51 26 40; 0551 59 06 90.
Фонд Оэйсис.
Дареги: Турусбеков көч., 109.
Тел: 0770 55 45 03.
" Шанс для женщин" кризистик борбору.
Дареги: Чүй пр., 207, каб. 509.
Телефон номери: 0709 71 03 20; 0 555 90 06 98;
0312 61 32 27.
Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү офистеринин дареги:
Жибек жолу, 381;
Бул. Жаш Гвардия, 32.