"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкектеги эстеликтерди жууп-тазалоону улантууда.

Эстеликтердин көрүнүшүн мүмкүн болушунча узакка сактоо үчүн аларга туура жана үзгүлтүксүз кам көрүү керек.

Алгач Эркиндик бульварындагы эстеликтер жуулуп, андан соң "Центральный" скверинин эстеликтери жуулду.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май районунун акимиатынын тапшырмасы менен Тоголок Молдо атындагы сквердин эстеликтери жуулган.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди шаарыбыздын тазалыгын  сактоону жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону чакырабыз.