Жарым жылдын ичинде Бишкек шаарынын аймагына "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан 19 072 даана бак-дарак отургузулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп.

Азыр борбор калааны 3277 даана бадалдын ар кандай түрлөрү, ошондой эле 86 500 даана жашыл аянт кооздоп турат.

Белгилей кетсек, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын карамагында 12 сейил бак, 50 сквер жана 2 бульвар бар.

Бүгүнкү күндө көчөлөргө чектеш жерлерде 10 чакан мейкиндикти көрктөндүрүү уюштурулган. Ошондой эле жалпы аянты 3 га болгон 2 скверди уюштуруу иштери аткарылып, 7 скверди  иштеп чыгуу алдында.

Борбор калаада жашыл аянттарды жана отургузулган бак-дарактарды сугаруу үчүн 3 ирригациялык скважина бургуланып, дагы 9 ирригациялык скважина бургулоо стадиясында турат. Бардыгы болуп 12 кудук бар.

Ошондой эле узундугу 9,2 км болгон ирригациялык арыктарды реконструкциялоо жана 15,1 км сугат суу түтүктөрүн монтаждоо боюнча иштер аткарылды.