«Бишкекасфальтсверивс» муниципалдык ишканасынын бригадасы Фрунзе жана Жумабек көчөлөрүнүн ортосундагы Гоголь көчөсүн бойлото асфальт-бетон аралашмасын төшөөнү аяктады.
Буга чейин бригада асфальттын эски катмарын сыйрып, тротуар бордюрунун негизин даярдап, бордюрларды орнотуп, аягында асфальт аралашмасын төшөө менен объекттидеги оңдоо иштери аяктды.
Бишкектин аймагында шаар жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.