"Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке киргизүүгө жигердүү салым кошкондугу жана Кыргыз Республикасында реформаларды жүргүзүүнүн жаңы куралын ийгиликтүү ишке киргизгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ыраазычылык каттары менен сыйланышты:
- Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева;
- Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Махабат Шамбетова.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан ыраазычылык каттары менен сыйланышты:
- Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук билим берүү борборунун директору Таалайгуль Темирканова;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директорунун орун басары Маматов Алтынбек Кайратович;
- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын Биринчи май администрациялык району боюнча социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Медина Ботаканова;
- Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын Ленин администрациялык району боюнча социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Бермет Исаева.
Белгилей кетсек, кечээ министрлер кабинетинде "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында үч багыт боюнча 100 күндүк тармактык реформалардын жыйынтыгы чыгарылды:
- мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
- электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
- күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү.
"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын расмий башталышы 2023-жылдын 17-мартында Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын катышуусу менен өттү.
«Өкмөттүк акселераторлор» программасы бул –Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат, ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.