Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков салт боюнча жарандарды жеке маселелери боюнча кезектеги кабыл алууну өткөрдү.
Район башчысына кайрылуулар негизинен канализация түйүндөрүнө, "Эне-Сай" турак жай конушунун аймагын көрктөндүрүүгө, жолдорду оңдоого, магистралдык газ түтүктөрүн өткөрүүгө, жеке долбоорду илгерилетүүгө, ошондой эле турак жай маселелерине байланыштуу болду.
Бардык кайрылуулар катталып, маектешүү учурунда түшүндүрмөлөр берилип, көзөмөлгө алынды.
Эскерте кетсек, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин жеке кабыл алуу өткөрөт. Кабыл алууга - (0312) 36-01-93 номери боюнча жазылсаңыздар болот.