Күн сайын таңы саат бештен баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын  көчөлөрүн жана ирригациялык тутумдарды тазалоо, көчөлөрдү жууп тазалоо  иштерин жүргүзөт.


Бүгүн, 11-апрелде Октябрь районунда – 98 короо шыпыргыч жана 7 бирдик атайы техника, Биринчи май районунда – 143 короо шыпыргыч жана 10 бирдик техника, Свердлов районунда – 120 короо шыпыргыч жана 8 бирдик техника, Ленин районунда 122 короо шыпыргыч жана 8 бирдик атайы техника  ишке тартылды.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан коомдук жайларда тазалыкты сактоону суранат.