Райондун акими Жаныбек Орозалиев республиканын алдыңкы курулуш ишканаларынын башкы директорлору жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.
Октябрь районунун жыйындар залында ТПЗнын өнүктүрүү боюнча алдыңкы курулуш уюмдарынын башкы директорлору менен кезексиз жыйын өттү. Жыйында жол жана байланыш тармактарын өнүктүрүү тууралуу сөз жүрдү.
Жыйынга «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы, «Электросила» ЖЧКсы, «Бишкекбашкыархитектура» МИ сыяктуу шаардык кызматтар катышып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо максатында аталган ишканалардын адистери курулуш компанияларга таза суу, канализация жана үйлөргө электр тармактарын туура киргизүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жол курулганга чейин биринчи кезекте байланыш тармактарын орнотуу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, курулуш компаниялары Куттубаев көчөсүнүн жолунун курулушунун долбоорун даярдашкан, ал боюнча жакынкы күндөрдө Токомбаев көчөсүнөн батыш тарап көздөй капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт, жолдун узундугу 500 метрди түзөт.