"Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сатып алуучу уюмдар үчүн окутууларды өткөрүүдө.

Муниципалитеттин жыйындар залында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары Өмүрбек Сабиров, ошондой эле талдоо жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Канышай Мамбетованын жетекчилиги астында сатып алуучу уюмдар үчүн окутуу болуп өттү

Окутуу администрациялык райондор боюнча муниципалдык администрациялардын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Мыйзам-татаал тендердик жол-жоболорду жоюу жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана ыкмаларды колдонуу шарттарын оптималдаштырууга багытталган.