«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы А. Каниметов атындагы  №1 жалпы билим берүү гимназия-интернатынын аймагында капиталдык оңдоо иштерин  жүргүзүүдө.

Бул аймактын аянты 6000 м2. Бригада эски асфальтты сыйруу иштерин жүргүзүүдө, андан кийин жердин негизин даярдоо жана бордюр орнотуу иштери башталат.

Гимназиянын аймагында окуучулардын жана мугалимдердин ыңгайлуулугу үчүн жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептин айланасына асфальт- бетон аралашмасын төшөө жана тосмо таштары менен тротуар куруу иштери пландалууда.