Биринчи май районундагы отканаларды жылытуу мезгилине даярдоо иштери менен таанышуу болду.
2023-2024-жылытуу сезонунун алкагында район башчысынын орун басары Чынгыз Байсов, "Бишкекжылуулукэнерго" КИ жана МАБнын адистери менен №18 мектептеги откананы (Карагай чолок көчөсү, 31), "Геодезия-1" (Васильев көчөсү 248), "Урицкий" (Урицкий көчөсү 40) отканаларын текшеришти.
Белгилей кетсек, райондун аймагында "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы тейлөөчү 24 откана иштеп жатат:
-6 откана мектептерди катуу отун (көмүр) менен жылытат № 54, 41, 49, 15, 86, 99;
-14 откана билим берүү уюмдарында жаратылыш газы менен жылытат: № 75, 19, 78, 101, №1-интернат, "КЭЧ-1", "КЭЧ-2", "Геодезия-1", "Урицкий", "Ботсад", "Военная часть", "Факел", "Клуб";
-4 мектеп электр энергиясы менен жылытат №83, 78, 81, 18.
Графикке ылайык, № 19, 54, 41, 78, 49, 15, 83, №1 мектеп-интернат, КР ИИМ ички аскерлеринин командачылыгы," КЭЧ-1"," КЭЧ-2"," Факел","Клубный" отканаларына жыйындар уланат.