Октябрь акимиатында “Ачык Бишкек” долбоорунун алкагында мамлекеттик эмес уюмдар менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Долбоордун максаты Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Аталган долбоор жергиликтүү бийлик жарандар менен биргеликте ачык-айкындуулук жана отчет механизмдерин киргизүү аянтчасынын түзүлүшүн көздөйт.

“Негизинен комитеттин ишин биргеликте жүргүзүү пландалууда. Мында ачыктык, отчеттуулук жана пландалган иш-аракетти убагында аткаруу каралган. Бишкек мэриясы “Ачык Бишкек” демилгесин колдоп, жарандык коомдун ою маанилүү экенин көргөзүп жатат. Ошондой эле, мындан ары жарандык уюмдар менен кызматташууну күчөтө бермекчибиз, - деди Бишкек шаарын өнүктүрүү Агенттигинин башчысы Курманбек Молдокулов.

“Ачык Бишкек” долбоорун Өнүктүрүү саясат институту менен Бишкек шаарын өнүктүрүү Агенттиги уюштурууда.

Комитет өз алдынча башкаруу органдарын жана жарандык коомдун кызыкчылыгын талаша турган бирдей сандагы өкүлдөрдөн турат: ар бир тараптан үчтөн адам шайланат. Мындай тажрыйба көптөгөн өнүккөн шаарларда колдонулуп келет, жакшы жетишкендиктери бар, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун “Ачык Бишкек” долбоорунун уюштуруучусу Азамат Мамытов.

Жыйындын соңунда катышуучулар “Ачык Бишкек” комитетинин 6 мүчөсүн тандашты.

Бишкек шаарынын мэриясынан өкүлдөрү:
- Мирланбек Байгончоков - Бишкек шаарынын мэринин Биринчи орун басары;
- Курманбек Молдокулов Токторович – Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу Агенттигинин Директору;
- Кубанычбек Кудабаев - Бишкек шаарынын экономика жана каржы бөүмүнүн жетекчиси.

Жарандык коомдун өкүлдөрү:
- Гулжан Байбетова - “Аялдардын Демократиялык түйүнү” коомдук фондунун Төрайымы;
- Адилат Сапарбаева - «Соопкер» коомдук фондунун Башчысы;
- Дмитрий Переяславский - «Арча» коомдук уюмунун координатору.