Шаардын айланасындагы белгисиз тараптагы жол белгилерине стикерлер чапталып, жол элементтери бузулган.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына шаар тургуну ага түшүнүксүз белги тууралуу кайрылып, сүрөттөрүн жана жайгашкан жерин жөнөткөн. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы окуя болгон жерге барып, чапталган жол белгисин табышкан.
Тоголок Молдо жана Ташкент көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар "жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол" белгисин бузушкан.
"Азия Молл" соода борборунун жанында белгисиз адам жол белгисин сүзүп качып кеткен. Ушундай эле окуя Айни жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жогорудагы даректердин бардыгында бузулган жол белгилери жаңысына алмаштырылып, кайра орнотулду.
Урматтуу шаардыктар! Шаардын мүлкүн бузбоону суранабыз. Эгер сиз жол белгисин, тосмону жана башка көрктөндүрүү элементтерине кокустан зыян келтирип алсаңыз, "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын whatsapp 0755-41-98-41 номери аркылуу байланышууңузду суранабыз.