«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Свердлов районуна Сүйүнбаев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин (батыш тарабы) жана Мичурин көчөсүндө  Сүйүнбаев көчөсүнөн Э.Керимов көчөсүнө чейин( түштүк тарабы) Б-3-2 үлгүсүндөгү  лотоктор орнотулат.

Бул лотоктор  секундасына 40—50 литрге чейин суу өткөрүүгө жөндөмдүү.

Урматтуу шаар тургундары! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.