9-августта саат 10.00дөн 18.00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
Өчүрүү району Жайыл Баатыр көчөсү - Садырбаев көчөсү - Абдрахманов көчөсү - Шералиев көчөсүменен чектешкен.
Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 мм болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 мм болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу буга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.