Борбор калаада  тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча иштер уланууда.

Буга чейин Биринчи Май администрациясынын жетекчилиги № 15 МАБ менен бирге Фучик көчөсү Клубный тилкесинен Рыскулов көчөсүнө чейин узундугу 2 чакырымдан ашкан тротуарды капиталдык оңдоо жана ирригация салуу боюнча көчмө инспекция жүргүздү, жеринде "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы иш алып барууда,  курулуш иштерин август айынын  аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Муну менен бирге шаардыктардын кайрылуусу боюнча "Сары-Өзөн" жана "Ак-Сай" базарларынын аймагында оор жүк ташуучу унааларды башаламан токтотуу жагдайын талкуулашып, ал жерге протоколдорду түзүү үчүн МККБ наряды чакырылды.

Белгилей кетсек, аймакта жүк ташуучу унааларды токтотууга тыюу салган атайын белгилер орнотулганына карабай, айдоочулар унааларын токтотуп жатышат.

Райондун  аймагында мындай кыдыруу иштери уланууда.