Октябрь акимиатында социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча райондук көп тармактуу координациялык комитеттин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук билим берүү борборунун, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлдөрү катышты. 2023-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча республиканын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана Бишкек шаарындагы кызамык оорусунун абалын карап, талкуулашты.
Жыйындын максаты “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Ошондой эле калктын айрым категориялары үчүн медициналык кызматтар менен бекер камсыз кылуу жана жеңилдетилген шарттар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. ОМС фонду менен түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген кызматтар, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин артыкчылыктары. Эми Мыйзамга ылайык, жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жарандарын мүмкүн болушунча камтууга болот.
Кызамык оорусуна келсек, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда алардын саны өсүүдө жана бүгүнкү күндө 1507 учур катталды. Адистер кызамык оорусу татаалдануу, коркунучтуу жана оор учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.
Башчынын орун басары оорулардын алдын алуу үчүн калк менен иштөөнү баардык тийиштүү башкармалыктар менен биргеликте иштеп жана кызамыктын жаңы учурларын болтурбоо үчүн жалпы күч-аракеттерди багыттоо зарыл экендигин айтты. Ал үчүн балдарды эмдөөнүн улуттук графиги боюнча өз убагында эмдөө керек, бул Бишкекте да, облуста да ооруну азайтат деп баса белгиледи.
Суроолор боюнча 113 номуруна кайрылсаңыздар болот.