Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырза менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жалпы маселелери талкууланды. Тараптар кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого макулдашышты.
Жолугушуу жылуу жана достук абалда өттү.