Сейил бак  1957-жылы  түптөлгөн, андан бери 66 жыл өттү.

Фонтан аллеясы ачылды; ал өзүнө 58 фонтандан турган аллеяны жана диаметри 10 метрди түзгөн тегерек фонтанды камтыйт. Иш графиги күн сайын 10:00дөн - 14:00гө чейин.  

Ч.Айтматов проспектин бойлой жаңы иррригациялык лотоктор орнотулуп, анадагы суу Ата-Түрк паркына агып келет.

Октябрь районунун башчысы Жаныбек Орозалиев сейил бактын директору жана "Бишкексуучарба" МИсинин кызматчылары менен жеринде барып таанышуу жыйынын өткөрдү.

Бүгүнкү күндө, ирригация тармагынын узундугу 311 метри түзөт, анын ичинен 132 метри орнотулду, 179 метр калды. Учурда суу жиберилүүчү арыктарга тапшырык  берилген, орнотуу иштери 2 күндү талап кылат. Белигилей кетүүчү жагдай, бул маселе башчынын жеке контролунда турат.

Сугат мезгили башталган тартып 10 атайын техника сейил бактарды сугарууга багытталган. Арык маселеси чечилсе, суу жетиштүү көлөмдө жиберилет.