Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков тротуарлардын курулушун текшерди.
Бүгүнкү күндө Чүй проспектиси Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) жана Чүй проспектиси Курманжан датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы) тротуарды капиталдык куруу иштери жүргүзүлдү.
Абдрахманов көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки (чыгыш тарабы) тротуар капиталдык оңдоодон өтүүдө.
Учурда Жумабек көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлдү.
Инспекциянын жүрүшүндө район башчысы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына эски торчолорду (жамгыр кабыл алгыч) жаңыларына алмаштырууну тапшырды.